ИНГАЛИПТ-Н

Поиск по алфавиту

ИНГАЛИПТ-Н

Респиратордук системага таасир эткен каражаттар. Тамак ооруларында колдонулган дарылар. Антисептиктер. Ар кандай антисептиктер.

АТХ коду R02A А20.

Купить в ближайшей аптеке

ДАРЫ КАРАЖАТЫН МЕДИЦИНАЛЫК КОЛДОНУУ БОЮНЧА

НУСКАМА

  ИНГАЛИПТ-Н

 

Соодадагы аталышы
ИНГАЛИПТ-Н

 

Эл аралык патенттелбеген  аталышы
Жок

 

Курамы
1 баллон төмөнкүлөрдү камтыйт

Таасир берүүчү зат: эриген стрептоцид  0,75 г, норсульфазол  натрий 0,75 г; 

Көмөкчү заттар: тимол, эвкалипт майы, ачуу жалбыз майы, этанол   96%, сахароза, глицерин, полисорбат 80, тазаланган суу.

 

Дарынын түрү

Жергиликтүү колдонуу үчүн спрей.


Сүрөттөмөсү
Ачык сарыдан каралжын-сары түскө чейин, өзгөчө жыт менен тунук суюктук. 

 

Фармадарылык тобу

Респиратордук системага таасир эткен каражаттар. Тамак ооруларында колдонулган дарылар. Антисептиктер. Ар кандай антисептиктер.

АТХ коду R02A А20.

 

Фармакологиялык касиеттери

Фармакодинамикасы

Ингалипт-Н бактерияларга каршы жана сезгенүүгө каршы таасир этет, ошондой эле муздатуучу жана көңүлдү башкага буруучу таасирге ээ. Көрсөтүлгөн фармакологиялык касиеттердин байланышы комплекстүү үстүнкү дем алуу жолдорунун жана ооз көңдөйүнүн былжырлуу кабыгын сезгенүү дарттарынын комплекстүү патогенетикалык терапиясын камсыз кылат. Ингалипт-Н  организмге ульцерогендик жана жалпы уулуу таасир этпейт.

 

Фармакокинетикасы

Ингалипт-Н жергиликтүү пайдалануу үчүн арналган жана терапиялык концентрациясы негизинен сезгенүү очогунда түзөт. Системалуу кан агымына жарым-жартылай сульфаниламиддер сиңирилет  (стрептоцид эритме жана норсульфазол натрийи), алар кайрылуу түрүндө кандын белоктору менен байланышышат: эриме  стрептоцид  –12-14 %га, норсульфазол натрий –55 %га. Биотрансформация процессинде сульфаниламиддердин ацетилизацияланган формалары түзүлөт, ушундай түрдө алар бөйрөктөр менен бөлүнүп чыгарылат.   Стрептоциддин жарым-жартылай бөлүнүп чыгуу мезгили 10 саатты, норсульфазола натрий – 1,2 саатты түзөт.

 

Колдонууга көрсөтмөлөр

КТМ органдарынын жана ооз көңдөйүнүн былжырлуу кабыгынын инфекциялык-сезгенүү дарттарын (тонзиллит, фарингит, ларингит, афтоздук жана жара оозулдары) жергиликтүү дарылоо.

 

Колдонуу жолу жана дозалар

3 жаштан баштап балдар жана чоңдор үчүн жергиликтүү түрдө ооз көңдөйүнүн мурун-кулкун көңдөйүнүн былжырлуу кабыктарына  жергиликтүү түрдө, чачуу  аркылуу пайдалануу.

Чоңдорго чачууну суткада 3-4 жолу жүргүзүү сунушталат.

3 жаштан баштап балдар үчүн чачууну суткада 1-2 жолу, эгер дарыгердин өзгөчө көрсөтмөсү жок болсо.

Дарыны колдонуунун узактыгы оорунун жүрүшүнөн көз каранды жана кадыресе 3-10 сутканы түзөт.

Колдонуу жыштыгы жана узактыгы дарыгер тарабынан жекече аныкталат жана оорунун оордугунан көз каранды!

 

Баллонду колдонуу эрежеси.

  1. Баллондон коргоочу капкакчаны алуу керек.
  2. Баллонго алдын ала тазалыгын текшерүү менен коштолгон тамак үчүн саптоону (сепкич)  кийгизүү керек.
  3. Баллонду бир нече чолу чайкап, дисперсиялык агындын пайда болушуна чейин 7ден ашык эмес жолу басыш керек. Агын жок болсо, аракетти  дагы бир жолу кайталоого уруксат берилет.
  4. Сепкичтин бош учун ооз көңдөйүнө салып, баллонду вертикалдуу кармап, сепкичтин башына басуу керек. Бир сеанста Ингалипт-Н дарысын 2-3 жолу себүү зарыл.
  5. Чачканды аяктагандан кийин, сепкичти баллондун штогунан алып, коргоочу капкагы менен алдын ала тазалыгын текшерип жаап коюу керек.
  6. Сепкичти таза кармаш керек, колдонгондон кийин аны жылуу сууга андан аркы жылуу жерде кургатуу менен жууп тазалоо зарыл.

 

Каршы көрсөтмөлөр

Дарынын курам бөлүктөрүнө жогорку сезимталдык, таржымалында сульфаниламиддерге оор уулуу аллергиялык реакциялардын болушу.

 

Кыйыр реакциялар

Аллергиялык реакциялар, анын ичинде тери бөртмөлөрү, кычышуу, тийишкен жерлерде шишимик, тамыр нерв шишимиги, бронхкарышуусу, бөрү жатыш.

Эрежеге ылайык дары жакшы көтөрүлөт, бирок кээ бир учурда кыйыр реакциялар болушу ыктымал.

Иммундук системасы тарабынан: аллергиялык реакциялар, анын ичинде тамыр нерв  шишимиги, бронхкарышуусу.

Тери тарабынан: чыбырчыктоо, кычышуу, бөрү жатыш, тийишкен жерде шишимик.

Тамак сиңирүү системасы тарабынан: жүрөк айлануу, кусуу, жергиликтүү эффекттер   (ооздо зарна, тамакта кесек бир нерсе тургандай сезим же кычышып ачышуу).

Башка: жалпы алсыздык, кыйналып дем алуу.

Кайсы бир жагымсыз таасирлер  же башкача реакциялар пайда болсо, андан ары дарыны пайдалануу боюнча дарыгер менен кеңешүү керек.

 

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири жана башка өз ара таасирдин турлөрү

 

Эгер сиз башка кайсы бир дары каражаттарын кабыл алып жатсаңыз, сөзсүз дарыгер менен мындан аркы дарыны колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча кеңешиңиз!

Дарыны парааминобензой кычкылдыгынын туундуларынын каражаттары (новокаин, анестезин, дикаин) менен бирге колдонууда анын микробго каршы таасири азайышы ыктымал. 

 

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Дарыны аллергияга көп кабылган тараптар колдонуудан мурун дарыгер менен кеңешүү зарыл!

Дарыгер менен кеңешпестен дарыны көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык колдонууга болбойт!

Милдеттүү түрдө дарыгерге бул топтогу дарыларды кабыл алууга карата мурун табылган жагымсыз таасирлерди билдирүү керек.

Дарынын көздөргө кирип кетишинен сак болуу керек.

Биринчи колдонуудан мурун дисперсиялык агындын пайда болушуна чейин 7ден көп жолу баспагыла. Агын жок болсо, аракетти  дагы бир жолу кайталоого уруксаат берилет. Колдонуудан мурун ооз көңдөйүн жылуу кайнатылган суу менен чайкоо сунушталат. Ооз көңдөйүнүн жаракаттанган бөлүктөрү (жаралар, жооруулар) болсо, зыянсыздандырылган тампондордун жардамы менен  некроттук өңөрлөрдү алып салуу керек.

Ооз көңдөйүнө чачкандан кийин 15-30 мүнөт тамак ичпөө сунушталат.

Каражатты пайдалангандан кийин тамак сепкичин штоктон алып, аны жылуу суу менен жууш керек. Баллонду коргоочу капкак менен анын булганышын алдын алуу үчүн жаап коюу сунушталат. 

Дарыны балдарда колдонууда 1-2 чачууда чачылган дарынын  бир жолку дозасы 0,0076-0,0152 мл этанолду (96 %) камтыганын эске алуу керек, ал бир жолку кабыл алууда төмөнкү көрсөткүчтөрдөн түзүлөт: 3-5 жаштагы  (дене салмагы 15-21 кг) балдар үчүн 0,0004-0,0013 мл/кг, 6-12  жаштагы (дене салмагы  21-38 кг) балдар үчүн 0,0002-0,0007 мл/кг.

Бул дары каражаты сахарозаны камтыгандыктан, сейрек кездешүүчү тукум кууган фруктозаны көтөрө албастык, глюкоза-галактоза мальабсорбциясы же  сахароза-изомальтоза жетишсиздиги  менен бейтаптарга  бул дарыны колдонуу сунушталбайт.

 

Кош бойлуулук же эмизүү мезгилинде колдонуу

Дарыны кош бойлуулук же эмизүү мезгилинде пайда/тобокел катышын баалап жана дарынын дозалоо режимин так аткарып,  дарыгер көзөмөлү астында колдонуу мүмкүн.

 

Педиатрияда колдонуу

Дарыны 3 жашка чейин балдар үчүн колдонууга болбойт. Эвкалипт жана ачуу жалбыздын эфир майларынын курамы менен шартталган рефлектордук бронхоспазмдын өрчүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу 3 жаштан баштап балдар үчүн  этияттык менен колдонуу керек.

 

Авто унааны башкарууда же башка механизмдер менен иштөөдө реакция ылдамдыгына таасир этүү жөндөмдүүлүгү  

Дары транспорт  каражаттарын  жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир этпейт, бирок авто унаа айдоочуларына алкоголго изилдөөлөр натыйжаларынын  мүмкүн болгон бурмалоосун эске алуу керек.

 

Ашыкча доза

Дозасынан ашыруу учурлары сүрөттөлгөн эмес.

Дарылоо: дарыны токтотуу, ооз көңдөйүн кайнатылган жылуу суу менен чайкоо.

Дарылоо белгилерин жараша багытталган.

 

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл.

Дарыны таңгакчада көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт. 

 

Сактоо шарттары

25 °С дан жогору болбогон аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

 

Таңгакча

Алюминий баллондо 30 г дан. Ар бир сепкич, коргоочу капкакча  менен баллон жана медициналык колдонуу боюнча нускама менен кутуга салынат. 

 

Берүү шарттары

Рецепти жок.

 

Өндүрүүчү

«Микрофарм» ЖЧКсы.

Украина, 61013, Харьков ш., Шевченко көчөсү, 20.

 

Өндүрүүчүнүн жайгашкан жери жана ишмердүүлүгүнүн дареги

«Микрофарм» ЖЧКсы.

Украина, 61013, Харьков ш., Шевченко көчөсү, 20.